Башкы беткеКоомАкын Фатима Абдалованын ырларындагы аялзатынын аруу дүйнөсү

Акын Фатима Абдалованын ырларындагы аялзатынын аруу дүйнөсү

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында акын Фатима Абдалованын ырларындагы аялзатынын аруулугу, эне темасы тууралуу сөз кылсакпы деп турабыз.

Аялзаты, анын ичинде эне темасы — адамзаттын руханий дүйнөсүндөгү эң ыйык, эң аруу, ошол эле учурда эң назик жана аялуу дүйнө. Бул тема колуна калем кармаган ар бир калемгердин жүрөгүнөн орун алып, жан дүйнөсүн толкундатпай койбойт. Анткени жарык дүйнөнүн босогосун аттаган ар бир жан, ал мейли алп акын болобу же поэзия дүйнөсүнөн алыс карапайым пендеби, баары бирдей ошол абалкы булактан — эненин ак сүтүнөн башталат.

Адам баласы кайсы бийиктикке жетпесин, канчалык илим-билимди өздөштүрбөсүн же дүйнөнү кыдырбасын, өзүнүн түпкү тегине, асыл башатына, алгачкы жылуулугуна — эненин кучагына таандык бойдон калат. Эненин ак сүтү жөн гана азык эмес, ал баланын жан дүйнөсүнө сиңген биринчи мекен, биринчи ишеним жана адамгерчиликтин түптөлүшү. Ошондуктан адабиятта жана искусстводо эне образы түбөлүктүүлүктүн, өмүрдүн уланышынын символу катары жашап келет.

Эне темасы эмне үчүн абдан аялуу? Себеби ал эң таза сезимдерге — жан аябас сүйүүгө, мээримге жана кээде өксүккө негизделген. Аялзатынын табиятында жаралган алсыздык менен чексиз күч бири-бирин толуктап турат. Акын-жазуучулар бул темага кайрылганда муздак акыл менен эмес, жан дүйнөсүнүн эң түпкүрүнөн чыккан ысык дем менен жазышат. Алар эненин көз жашын, балдары үчүн төккөн маңдай терин, түндү уйкусуз өткөргөн сабырдуулугун кагазга түшүрүү менен адам баласынын ар-намысын, ырайымдуулугун ойготушат.

Кыргыз дүйнөсүндө аялзаты, эне түшүнүгү жалпы эле Мекен, киндик кан тамган топурак, ата журт түшүнүктөрү менен эриш-аркак аталат. «Эне – үй-бүлөнүн куту, жергенин тынчтыгы». Эненин жүрөгү бүтүндөй бир ааламды батыра ала турган кеңдикке ээ. Ошондуктан улуттук адабиятта эненин образы көбүнчө мекенди коргоо, элдин биримдигин сактоо, улуттук нарк-насилди муундан муунга өткөрүү милдети менен катар сүрөттөлөт.

Эне темасынын тузу оор, эне темасы калемгер үчүн чоң сыноо. Баары эле бул темада ачылып, чачылып жаза албайт. Бул темада жасалмалуулукка, жансыз метафораларга же куру сөзгө орун жок. Эгер сөз жүрөктөн чыкпаса, окурмандын сезимине жетпейт. Ошондуктан ар бир жазуучу же акын бул темага кайрылганда өзүнүн балалык чагына, энесинин мээримине кайрадан кайрылып, өзүнүн адамдык наркын таразалап алгандай болот.

Аялзаты жана эне жөнүндөгү сөз эч качан түгөнбөйт. Себеби убакыт өтүп, заман өзгөргөнү менен, адам баласынын энеге деген муктаждыгы, мээримге болгон суусашы эч качан өчпөйт. Калем кармагандардын баары бул теманы ар кайсы кылымда, ар кандай өңүттөн жазып келе жатканынын сыры да ушунда — эне бул бүтүндөй жашоо маңызы. Фатима Абдалованын ырларын окуп жатып, мына ушундай ойлорго жетеленесиң.

 

МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды күлгөнүнөн тааныгам.
Күнгө окшошуп кетээр эле күлкүсү,
Күндүк жолдун ары жагынан чакырган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Бул ыр — эненин аруу бейнесин, баланын жан дүйнөсүндөгү эң ыйык сезимдерди жана дүйнөнү таанууну эненин жылуулугу аркылуу ачкан таасирдүү лирикалык чыгарма. Ырдын ар бир сабынан мээримдин чексиздиги, балалыктын наристе күндөрү жана энеге деген түбөлүктүү сагыныч ачык сезилип турат.

Ыр беш сабактан турат. Ар бир сабак ыр классикалык кайталоо ыкмасы — анафора аркылуу башталат:

«Мен дүйнөнү апам менен таанысам…»

Бул рефрен чыгарманын башкы идеясын так жана даана чагылдырып турат. Бала үчүн бүтүндөй жаратылыш, жашоо, жарык дүйнө чоочун же табышмак эмес, ал алгач апасынын жүзү, көйнөгү, жыты, колдору аркылуу гана кабыл алынат. Эне — бала үчүн бүтүндөй ааламдын борбору, өлчөмү жана башталыш.

Акын эненин кийимин жөн гана буюм катары эмес, тирүү жаратылыштай кабыл алат. Көйнөктөгү жана жоолуктагы гүлдөрдүн «баскан сайын бажырайып ачылышы» — бул баланын көзү менен караганда эненин баскан-турганындагы көрк, жароокерлик жана жандуулук. Бул жерде метафоралык жандуулук аркылуу эненин жарык маанайы буюмдарга чейин чагылып жатканы сезилет.

Ырдын күчү анын физиологиялык сезимдерге таянганында. Бул эне жыты. «Магдыратып жытына» — бала үчүн эненин жыты сыйкырдуу дарыдай же коргоочу сепилдей. Эненин колдору. «Жылуу болчу, жумшак болчу колдору… бала боюм балкыган» — бул колу менен тийип сезүү эс тутумунун эң бийик чеги. Эненин алаканынын жылуулугу наристенин денесин гана эмес, жанын да эритет. Эненин күлкүсү. «Күнгө окшошуп кетээр эле күлкүсү / Күндүк жолдун ары жагынан чакырган» — абдан күчтүү гипербола жана салыштыруу. Эненин күлкүсү Күндөй жылуулук берип, алыскы жолдон да чакырып тургандай сезилип, үйдүн, үй-бүлөнүн жылуулугун символдоштурат.

Ырдын жалпы интонациясы мээримге толгону менен, анын түпкүрүндө асман тиреген сагыныч жатат. «Тирүү болчу…» деген сөздүн кайталанышы өткөн чакты, балалыктын кайрылгыс күндөрүн аңдатат.

Ырдын тили абдан жөнөкөй, таза, карапайым элдик лексикага негизделген. Татаал метафоралардын же түшүнүксүз терминдердин жоктугу ырдын таасирдүүлүгүн арттырып, окурмандын түз эле жүрөгүнө жетет.

Ырдын муун өлчөмү бир калыпта, обондуу, куюлушуп турат. Бул аны назик күүгө салып ырдоого же окуп жатканда ички бир толкундоону сезүүгө шарт түзөт.

Ыр — жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан чексиз ыраазычылыктын жана энеге деген түбөлүктүү таазимдин кайталангыстыгын билдирет. Адам баласы кайсы жашка келип, кайда жүрбөсүн, энесинин жытын, колдорунун жылуулугун жана күлкүсүн жүрөгүндө алып жүрөрүн бул ыр эң сонун далилдеп турат.

«КҮН БАЛА»

Жүрөгүмдүн астына жүрөк бүттү,
Жүз тамылжып, аялуу сезим үрктү.
Колум менен өпкүлөп сонуркадым,
Колум менен тыңшадым кош жүрөктү.

Кош жүрөктүү болупмун чогуу соккон,
Эне сезип, эзилдим Улуу Жолго.
Өзүмө өзүм ичимден куттук айттым,
Бир керемет кубантып акты бойдо.

Өзүм үчүн жашаган күндөр бүттү,
Карбаластап кам көрдүм Улуу Күнгө.
Балам үчүн өзүмдү аяй түштүм,
Башымды ийдим, мендеги тирүүлүккө.

Көрбөй жатып көзүңдү сүйдүм сени,
Тепкилесең, элжиреп күлкүм келди.
Сыймык артып сыладым курсагымды,
Мен көтөрүп тургандай Улуу Жерди.
Бул ыр — жатында жаралган жаңы өмүрдүн жүрөктүн дүрбөлөңдүү согушун сезген эненин жан дүйнөсүндөгү терең толкундоолорду, сөз менен айтып жеткире алгыс кайталангыс сезимдерди жана бүтүндөй дүйнө таанымынын өзгөрүшүн чагылдырган өзгөчө назик лирикалык чыгарма. Ырдын аталышынын эле «Күн Бала» болушу — жарык дүйнөгө келчү наристенин эне үчүн гана эмес, бүтүндөй аалам үчүн күн нурундай ыйык жана куттуу экенин көрсөтүп турат.

Аялзаты үчүн эне болуу бактысынан өткөн бакыт жана кош жүрөктүн согуусунан өткөн кубаныч жок экени айтпаса да түшүнүктүү. Ырдын башталышы эненин физиологиялык жана руханий жактан жаңылануусун, өзүн эне катары сезген эреркөөсүнөн кабар берет. «Жүрөгүмдүн астына жүрөк бүттү» деген сап — эненин ичинде башка бир жандын, бөлөк бир ааламдын пайда болгонун жеткирген эң таасын метафора. «Колум менен тыңшадым кош жүрөктү» деген саптан өзүнүн жана наристенин жүрөгүнүн бирдей согушун сезген эненин касиеттүү абалы, энелик тагдырга балкыганынан («сонуркадым») жана аялуу сезимден үркө качуусу көрүнүп турат. Бул жерде ар бир соккон жүрөк — жашоонун жаңы башталышы.

Демек, эне болуу жоопкерчилиги башталат. Ырдын экинчи сабагында лирикалык каармандын «эне» деген статус мойнуна алып, өзүнө келе баштаганы сезилет. «Улуу Жолго» эбедейи эзилүү — бул энелик жолдун жоопкерчиликтүү, түбөлүктүү жана сыймыктуу экендигин түшүнүү. Өзүнө өзү куттук айтуусу — бул жашыруун, кубанычтуу сыр, жан дүйнөдөгү эң таза майрам.

Ар бир эне болчу аялзатында өзүмчүлдүктүн бүтүшү жана бала үчүн жашоо сезими пайда болушу табигый нерсе. Бул эң күчтүү жана философиялык мааниси терең сабактардын бири. Адам баласы жашоодо алгач өзү үчүн жашайт, бирок эне болгондо бул көз караш түп тамырынан бери өзгөрөт. «Өзүм үчүн жашаган күндөр бүттү» деген сап — эненин өзүн баласына толук арнашынын, артыкчылыкты жаңы өмүргө бергенинин белгиси. Кызыгы, «балам үчүн өзүмдү аяй түштүм» дегени — коркоктук же жөн гана аёо эмес, тескерисинче, баласы үчүн аман болуп, аны чоңойтуу милдети турганын сезип, өз денесине, ден соолугуна өтө аяр мамиле жасай баштаганы. Жаратылыштын улуу мыйзамына — тирүүлүккө баш ийүү, тазим этүү («башымды ийдим») аркылуу эненин акылдануусу, токтолуусу берилген.

Ырдын төртүнчү сабагындагы “Көрбөй жатып көзүңдү сүйдүм сени” сабы абдан күчтүү чыккан. Ырдын эң жогорку эмоционалдык чекити десек да болот. Наристени азырынча көргөн жок, бирок жан дүйнөсү менен сүйүп үлгүрүп жатат. Кандай керемет сезим жана ошол сезимди окурманга жеткире билген акындын чеберчилигин айта бериңиз. Наристенин жатындагы кыймылы («тепкилесең») энеге оору же ыңгайсыздык эмес, чексиз бакыт, элжиреген күлкү тартуулайт. Ал эми эң акыркы сап — «Мен көтөрүп тургандай Улуу Жерди» — бул бүтүндөй бир космостук масштабдагы метафорa. Эне курсагындагы баланы көтөрүп жүрүү менен бирге, жер шарын, жашоонун уландысын, келечекти көтөрүп турганын сезет. Бул жерде эненин образы Жер Эненин деңгээлине көтөрүлүп, ыйыкталат.

Ырда эмоция бар, жамаачыланган же жасалма сөздөр жок. Ар бир сап эненин жүрөгүнөн түздөн-түз чыккан аруу сезимдерге сугарылган. Баш тамга менен жазылган сөз айкаштары – «Улуу Жол», «Улуу Күн», «Улуу Жер» жөнөкөй эле жашоо процессин эмес, адам жаралуу сыйкырын космостук жана философиялык бийиктикке көтөрүп турат.

Жыйынтыктап айтканда, бул ыр — бул эне болуу бактысын башынан кечирип жаткан аялдын жан дүйнөсүндөгү эң таза, эң ыйык монологу. Бул поэтикалык чыгарма окурманды адамгерчиликке, жашоонун кадырына жетүүгө жана эне мээриминин чексиздигине баш ийүүгө үндөйт.

 

ТИЛЕК

Энеке, мен бир күнү үйүңөргө,
Акжолтой уяң келин болуп барам.
Баласаак жүрөгүңө мен жүгүнөм,
Боорсок жыттуу той үйү көшөгө ачат.

Апамдай жумшак өөп маңдайымдан,
“Көшөгөң көгөрсүн” деп жоолук салып,
Бир илим сары майын жегизесиң,
Кылтыйып көшөгөмө жарданышкан,
Кылыктуу бөбөктөргө ичим ысыйт,
Мен силердин күлкүчү жеңеңермин!

Энеке мен бир күнү үйүңүздө,
Түйшүкчүл өзүңө окшош эне болом.
Уулумдун апам берген бешигине,
Сактаган көз мончогум тагып коём.
Энеке, мен да күнү ордумда отура албай күйпөлөктөп,
Үйүмө келин тосом!

Бул ыр — келечекке умтулган аруу кыздын, болочок келиндин жана эненин жүрөгүндөгү эң аруу, эң аялуу сезимдерге сугарылган ак ниет тилеги. Чыгармада кыргыздын салттуу турмушу, үй-бүлөлүк баалуулуктар, улуттук колорит жана муундан муунга өтүп келе жаткан улуу сабакташтык көркөм чагылдырылган.

Босогодон аттоо жана акжолтой келин болуу тилеги жана образы өтө аёолуу нерсе. Ыр аруу тилек, жароокер кайрылуу («Энеке…») менен башталып, алгачкы эле саптарда жан дүйнөнүн жылуулугун сездирет. «Акжолтой уяң келин болуп барам» деген сапта жаңы үй-бүлөгө кут жана бакыт алып келүүчү таза ниет бар. «Боорсок жыттуу той үйү» — бул жөн гана метафора эмес, кыргыздын жыт сезүү жана визуалдык эс тутуму аркылуу берилген улуттук майрамдын, коломто жылуулугунун жогорку образы.

Үй-бүлө ыйык түшүнүк, ырдын кийинки сабында салттын уланышы жана үй-бүлөлүк ыйыктык тууралуу сөз болот. Бул бөлүктө кыргыздын салт-санаасы эстетикалык түстө ачылат. Келинди тосуп алуудагы эненин батасы («Көшөгөң көгөрсүн»), ак жоолук салышы жана биринчи сары май жегизиши — жаңы үйдүн босогосун аттаган адамга көрсөтүлгөн урмат жана батанын белгиси, салттык көрүнүш. Өзгөчө, «кылтыйып көшөгөгө жарданышкан / кылыктуу бөбөктөргө ичим ысыйт» деген саптар турмуштун жандуу, чыныгы көрүнүшүн көрсөтөт. Жаңы үй-бүлөнүн кичинекей мүчөлөрүнө карата айтылган бул сезим келиндин келечектеги үй-бүлөгө тез эле сиңип, мээрим төгөрүн айгинелейт.

Аялзаттын пешенесине жазылган тагдыр ушул – эненин жолун улоо жана үй-бүлөлүк очок мурасты улоо. Бул жерде лирикалык каармандын келин гана эмес, кийинчерээк өзү да эне болоорун сезген жүрөк толкуну берилген. «Түйшүкчүл өзүңө окшош эне болом» — бул кайнененин мээнетин, үйдүн түйшүгүн урматтоо жана анын жолун татыктуу улоо ниети. Ал эми «апам берген бешигине, сактаган көз мончогум тагып коём» деген саптар муундардын байланышын чагылдырат. Бешик жана көз мончок — бул жөн гана буюм эмес, тукумдун уланышынын, коргоочу касиеттин символу.

Энелик түйшүктүн бактысынан өткөн бакты барбы!? Ырдын финалы абдан кубанычтуу жана дирилдеген сезимге толтура. Жаш келин болуп баруудан башталган тилек, келечекте өңү өзү да эне болуп, үйүнө келин тосуу кыялы менен тегерек түрүлүп аяктайт. «Күйпөлөктөп… келин тосом» дегени — энелерге мүнөздүү түбөлүктүү камкордуктун, жан аябас кызматтын жана турмуштун түбөлүктүү айлампасынын поэтикалык корутундусу.

Акындын тили салттык түшүнүктөргө бай: Боорсок, көшөгө, сары май, жоолук салуу, бешик, көз мончок сыяктуу сөздөр ырдын улуттук тамырын бекемдеп турат.

Ырда бир дагы жасалма же оор метафора жок. Ал күнүмдүк турмуштун эң ыйык, таза учурларын ак кагазга чын ыкласы, мээрим менен түшүргөндөй таасир калтырат.

Ырдын интонациясы – жылуу, ишенимдүү, келечекке үмүт менен караган наристе жана аруу сезимдерге толгон обондуу маанайда жазылган.

Жыйынтыктап айтканда, «Тилек» — бул кыз баланын ак никесине, болочок энелик милдетине, үй-бүлө очогунун түтүнүн өчүрбөй сактоого болгон эң таза, эң ыйык бата-тилеги.

КАНДАЙ БАКЫТ

«Апа, мама» дегениң кандай бакыт!
Боюм балкып боорума жаттым басып.
Эки мама меники, эрмегим деп
чымчыганың жанымды магдыратып…

Уктап кетем магдырап, уктап кетем,
тартсаң дагы чачымдан уктай берем.
Сен оорубай, коркутпай жүрсөң болду,
көңүлү өсүп, оорубай жүрөт энең.

«Ба-а-бо-о» деген сөзүңдөн, балапаным,
Айды, Күндү өзүң деп караганым.
Ай менен Күн асманда көрүнбөсө,
Айдай, Күндөй үйүмдө өзүң барсың.

Мен Сени түшүмдө көрдүм эле…
«жалт» карап, жанымдан өттүң эле…
Жаркылдап жүрчү деп кабак түйбөй,
чачымдан аярлап өптүң эле…

Сен мени эч кимге кыйбас элең,
көңүлгө көрөгөч, кылдат элең.
Сезимди сестейтип сел каптаса,
Сен мени калкалап турар элең…

Санаага сайылган жебем менин,
саргайбас кызыл гүл берем дедиң…
Түндөрүң Ай чыкпай өтүп жатса,
Ай кармап бир күнү келем дедиң…

Көзүмдөн айланган жебем менин,
көөнөрбөс кызыл гүл берем дедиң…
Күндөрүң Күн чыкпай өтүп жатса,
Күн кармап бир күнү келем дедиң…

Сага деген таарынчымды таңгактап,
мен ичиме салып жүрөм ар убак.
Сени — көрбөй өлүш үчүн күтпөдүм,
акыр бир күн келерсиң Сен ал сурап…

Акыр бир күн Сен ал сурап келерсиң,
таарынчымдын таңгактарын чечермин,
Тоо көтөргөн ийиндерим титиреп,
токтоналбай, ыйлай-ыйлай берермин…

Бул ыр — энелик мээримдин чексиз кубанычынан башталып, убакыттын сыноолору, жоготуулар, сагыныч жанар тоосу сыяктуу терең драмалык сезимдерге уланылган абдан таасирдүү, жүрөктү эзген лирикалык чыгарма. Чыгарма жөн гана кубанычты эмес, эненин башынан өткөн оор кайгыны, өксүктү жана үмүттү бир калыпка куюп бере алган көркөм деңгээли бийик туунду.

Энелик бакыт жана баланын балкыган дүйнөсүнөн өткөн эмне бар? Ыр наристенин тили чыгып, энесине эркелеп жаткан бактылуу көз ирмемдерден башталат. «Апа, мама» деген сөз, наристенин апасын чымчып эркелеши («эки мама меники») — эне үчүн дүйнөдөгү эң улуу сыйлык.

“Сен оорубай, коркутпай жүрсөң болду, көңүлү өсүп, оорубай жүрөт энең”. Бул саптарда баланын ден соолугу эненин жашоосундагы эң биринчи орунда турары айтылат. Баланын күлкүсү — Ай менен Күндүн алмашылышындай баалуу: «Ай менен Күн асманда көрүнбөсө, Айдай, Күндөй үйүмдө өзүң барсың».

Ырдын 4-5-сабактарында түш жана сагыныч мотиви бар. Ырдын маанайы бул жерден кескин өзгөрүп, ички драма башталат. «Сен» деп кайрылып жаткан адам — бул лирикалык каармандын эң жакын кыйбас адамы. Түш аркылуу көрүнүү, чачынан аярлап өбүү — белгисиз кейипкердин көз карашын эске салуу аркылуу сагынычтын чексиздигин көрсөтөт. «Сен мени эч кимге кыйбас элең… Сен мени калкалап турар элең…» дегени — коргоочусунан, тирегинен айрылган жандын жалгыздыгын жана алсыздыгын аңдатат.

6-7-сабактарда – убада жана күтүү. Бул жердеги параллелизм (окшош эки строфалык кайталоо: Ай жана Күн мотиви ырдын поэтикалык күчүн абдан жогорулатат. Убагында «Ай кармап, Күн кармап келем» деп кеткен же убада берген адамдын жоктугу, бирок эненин ошол сөзгө ишенип, жан дүйнөсү санаага сайылып жашап жатканы берилет. «Санаага сайылган жебем менин» — жүрөктү тынч койбогон оор кайгынын, өткөргөн жаранын метафорасы.

8-9-сабактарда лирикалык каармандын ичинде топтолгон чексиз таарынчы бар. Эмне үчүн таштап кеттиң? Эмне үчүн бул оор турмушка жалгыз таштадың деген унчукпаган оор суроолор ичке таңгакталып катмарланган. Бирок ал адамдын келерине болгон ишеним өчпөйт.

Ырдын эң акыркы чекити — бул эң күчтүү эмоционалдык апогей. Канчалык сабыр кылып, тоодой ийини менен оор турмушту көтөрүп келсе да, ошол адам келгенде бардык тосмолор, топтолгон таарынчылар чечилип, жашырылган жаш токтобой агып, ийиндери титиреп ыйлай берери жазылган. Бул — кайгынын эмес, өтө катуу сагынычтын жанар тоодой атылышы.

Ыр башындагы балкыган наристенин күлкүсүнөн, түнкүсүн жалгыз калып түш көргөн эненин зар-муңуна чейинки сезимдердин алмашуусу абдан чебер берилген. Башында наристени эркелеткен жумшак обондой башталса, бара-бара жүрөктүн дүрбөлөңүнө, жоктоо жана күтүү зарына айланып куюлушат.

Жыйынтыктап айтканда, «Кандай бакыт» — бул жалгыз гана бакыттын эмес, тагдырдын оор сыноосун жеңип келе жаткан эненин, аялдын эзилген жүрөгүнүн, туруктуулугунун жана өлбөс үмүтүнүн улуу поэтикалык баяны.

 

 

 

 

 

 

 

КАНДАЙ БАКЫТ

«Апа, мама» дегениң кандай бакыт!
Боюм балкып боорума жаттым басып.
Эки мама меники, эрмегим деп
чымчыганың жанымды магдыратып…

Уктап кетем магдырап, уктап кетем,
тартсаң дагы чачымдан уктай берем.
Сен оорубай, коркутпай жүрсөң болду,
көңүлү өсүп, оорубай жүрөт энең.

«Ба-а-бо-о» деген сөзүңдөн, балапаным,
Айды, Күндү өзүң деп караганым.
Ай менен Күн асманда көрүнбөсө,
Айдай, Күндөй үйүмдө өзүң барсың.

Бул ыр — энелик мээримдин чексиз кубанычын, ошол кубанычтан тапкан бакытты билдирет. Энелик бакыт жана баланын балкыган дүйнөсүнөн өткөн эмне бар? Ыр наристенин тили чыгып, энесине эркелеп жаткан бактылуу көз ирмемдерден башталат. «Апа, мама» деген сөз, наристенин апасын чымчып эркелеши («эки мама меники») — эне үчүн дүйнөдөгү эң улуу сыйлык.

“Сен оорубай, коркутпай жүрсөң болду, көңүлү өсүп, оорубай жүрөт энең”. Бул саптарда баланын ден соолугу эненин жашоосундагы эң биринчи орунда турары айтылат. Баланын күлкүсү — Ай менен Күндүн алмашылышындай баалуу: «Ай менен Күн асманда көрүнбөсө, Айдай, Күндөй үйүмдө өзүң барсың».

 

КЫЯЛДАГЫ МЫРЗАГА

Мен Сени түшүмдө көрдүм эле…
«жалт» карап, жанымдан өттүң эле…
Жаркылдап жүрчү деп кабак түйбөй,
чачымдан аярлап өптүң эле…

Сен мени эч кимге кыйбас элең,
көңүлгө көрөгөч, кылдат элең.
Сезимди сестейтип сел каптаса,
Сен мени калкалап турар элең…

Санаага сайылган жебем менин,
саргайбас кызыл гүл берем дедиң…
Түндөрүң Ай чыкпай өтүп жатса,
Ай кармап бир күнү келем дедиң…

Көзүмдөн айланган жебем менин,
көөнөрбөс кызыл гүл берем дедиң…
Күндөрүң Күн чыкпай өтүп жатса,
Күн кармап бир күнү келем дедиң…

Сага деген таарынчымды таңгактап,
мен ичиме салып жүрөм ар убак.
Сени — көрбөй өлүш үчүн күтпөдүм,
акыр бир күн келерсиң Сен ал сурап…

Акыр бир күн Сен ал сурап келерсиң,
таарынчымдын таңгактарын чечермин,
Тоо көтөргөн ийиндерим титиреп,
токтоналбай, ыйлай-ыйлай берермин…

“Кыялдагы мырзада” түш жана сагыныч мотиви бар. Ыр ички драма менен башталат. «Сен» деп кайрылып жаткан адам — бул лирикалык каармандын эң жакын кыйбас адамы. Түштө көрүү, чачынан аярлап өбүү — белгисиз кейипкердин көз карашын эске салуу аркылуу сагынычтын чексиздигин көрсөтөт. «Сен мени эч кимге кыйбас элең… Сен мени калкалап турар элең…» дегени — коргоочуну, тирек болчу адамды эңсеген аялзатынын жалгыздыгын жана алсыздыгын аңдатат.

Түш, сагыныч – убада жана күтүү менен уланат. Бул жердеги параллелизм (окшош эки строфалык кайталоо: Ай жана Күн мотиви ырдын поэтикалык күчүн абдан жогорулатат. Убагында «Ай кармап, Күн кармап келем» деп кеткен же убада берген адамдын жоктугу, бирок эненин ошол сөзгө ишенип, жан дүйнөсү санаага сайылып жашап жатканы берилет. «Санаага сайылган жебем менин» — жүрөктү тынч койбогон оор кайгынын, өткөргөн жаранын метафорасы.

Ырдын кийинки сабактарында лирикалык каармандын ичинде топтолгон чексиз таарынчы тууралуу сөз болот. Эмне үчүн таштап кеттиң? Эмне үчүн бул оор турмушка жалгыз таштадың деген унчукпаган оор суроолор ичке таңгакталып катмарланган. Бирок ал адамдын келерине болгон ишеним өчпөйт.

Ыр эң күчтүү эмоция төкпөй-чачпай айтылганы менен баалуу. Канчалык сабыр кылып, тоодой ийини менен оор турмушту көтөрүп келсе да, ошол адам келгенде бардык тосмолор, топтолгон таарынчылар чечилип, жашырылган жаш токтобой агып, ийиндери титиреп ыйлай берери жазылган. Бул — кайгынын эмес, өтө катуу сагынычтын жанар тоодой атылышы.

Ыр сагыныч менен башталып жүрөктүн дүрбөлөңүнө, жоктоо жана күтүү зарына айланып куюлушат. Бул тагдырдын оор сыноосун жеңип жашабаткан аялзатынын эзилген жүрөгүнүн, туруктуулугунун жана өлбөс үмүтүнүн улуу поэтикалык баяны.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар