Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген комитет жыйынына катышты

Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген комитет жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынына катышты.

Ал бюджеттик мыйзам долбоорлорун кароодо парламент менен Министрлер Кабинетинин кызматташтыгы маанилүү экенин белгилеп, бюджеттик чечимдердин жарандардын жашоосуна түздөн-түз таасир этерин айтты.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы ишин баштагандан бери Президент жана Министрлер Кабинети демилгелеген 178 мыйзам долбоорунун 136сы жактырылып, 126 мыйзамга Президент кол койгон. Ошондой эле эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча 50 мыйзам кабыл алынган.

Мындан тышкары, парламенттен келген 42 токтомдун 24ү толук аткарылып, 3 287 депутаттык суроо-талаптын 3 270и аткарылып, көзөмөлдөн алынган.

Жыйында эмгек акыны индексациялоо, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо маселелери да белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар