“Эне үйү” ресурс борборунда жаш энелерди кесипке үйрөтүүчү тигүү цехи ишке кирди. Бул демилге аялдардын эмгек рыногуна аралашуусуна жана өз алдынча киреше табуусуна шарт түзүүгө багытталган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, цехтин ачылышына министрдин орун басары Аида Исатбек кызы жана Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн жетекчиси Сайед Садик катышты.
Коноктор борбордогу шарттар менен таанышып, жаңы төрөлгөн балдары менен жашап жаткан энелерге көрсөтүлүп жаткан социалдык, психологиялык жана укуктук жардамдардын жүрүшүн көрүштү.
Жаңы цехте аялдар тигүүчүлүктү үйрөнүп, кийин бул кесип аркылуу жумушка орношууга же жеке ишин баштоого мүмкүнчүлүк алышат.
Мындан тышкары, жолугушууда оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдарга колдоо көрсөтүү, үй-бүлөлөрдү бекемдөө жана социалдык жетимдиктин алдын алуу маселелери талкууланды.

