Башкы беткеМаданиятНыязаалы Борош уулунун 170 жылдыгы: илимий конференция өттү

Ныязаалы Борош уулунун 170 жылдыгы: илимий конференция өттү

Залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун 170 жылдыгына арналган «Ныязаалы Борош уулунун чыгармачылык мурасы жана комузчулук өнөр: айтым күү феномени, устат-шакирт өнөрканасы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Маданият министрлигинин маалыматында, илимий иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, илимпоздор, ошондой эле маданият жана искусство өкүлдөрү катышты.

“Конференциянын негизги максаты – залкар комузчунун чыгармачылык мурасын терең изилдөө, кыргыздын комузчулук өнөрүндөгү ордун жана салымын даңазалоо, айтым күү феноменинин өзгөчөлүктөрүн илимий жактан талдоо, ошондой эле устат-шакирт салтын сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү маселелерин талкуулоо болду”, – деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ныязаалы Борош уулунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз музыкалык маданиятындагы орду тууралуу баяндамалар жасалып, улуттук комузчулук өнөрдүн тарыхый жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча пикир алмашуулар болду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар