Кыргызстан менен Түркмөнстан айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөштү. Бул маселе 19-ноябрда Ашхабад шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун Түркмөнстандын айыл чарба министри Чарыяр Четиев менен жолугушуусунда талкууланды.
Министрликтин маалыматына ылайык, тараптар өсүмдүк өстүрүү, органикалык айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карашты.
Анын ичинде Түркмөнстандын тажрыйбасын колдонуу менен Кыргызстанда кургакчылыкка туруктуу жүзүм сортторун өстүрүү, күнөскана чарбаларын уюштуруу, мөмө-жемиш жана жашылчаларды өстүрүү боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү сунушталды.
Ошондой эле органикалык продукцияны өндүрүү, сертификациялоо жана экспорттоо, аны кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо технологияларын өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Жолугушууда эки өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканаларынын ортосунда ишкер байланыштарды түзүү, эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу зарылдыгы да белгиленди.
Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков Түркмөнстандан жогорку сапаттагы минералдык жер семирткичтерди түз жеткирүүнү өз ара пайдалуу шарттарда жана атаандаштыкка жөндөмдүү баада уюштуруу маселесине токтолду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантууга жана айыл чарба тармагындагы биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга макулдашты.

