Башкы беткеКоомАкыркы беш жылда Кыргызстанда 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Акыркы беш жылда Кыргызстанда 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Акыркы беш жылда Кыргызстан боюнча 5 миң 600 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 2026-жылы эле 1 миң 900 чакырым жол жаңыланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тармакта аткарылган иштер боюнча маалыматына ылайык белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 2021–2026-жылдары өлкөдө жол куруу жана оңдоо иштери кеңири жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, жол тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 1 миң 344 атайын техника сатып алынган.

Ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө ири темир жол жана автомобиль жол долбоорлору башталып, транспорт тармагын санариптештирүү иштери күчөтүлгөн.

Бул чаралар өлкөнүн транспорттук байланышын жакшыртууга, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар