Кыргызстан менен Казакстан 2030-жылга чейин эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе министр Бакыт Сыдыковдун Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
2021–2025-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2,3 эсеге өскөн. Ал эми 2026-жылдын январь–август айларында көрсөткүч 1,4 млрд долларды түзгөн.
Жолугушууда тараптар соода көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карашты.

