2026-жылдын 26-ноябрында Чалдовар – Кайыңды багытындагы темир жол өтмөгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу 3699-чакырымдагы өтмөк саат 08:00дөн 18:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылат.
Айдоочулар үчүн айланып өтүүчү жолдор төмөнкү багыттар аркылуу уюштурулат:
Кайыңды шаары, Трудовая көчөсү (3703-чакырым);
Чалдовар айылы, Биринчи Май көчөсү (3691-чакырым).
Айдоочуларга сапар багытын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.

