Башкы беткеМинистрлер кабинетиСуу берген өлкө андан түшкөн пайданын адилеттүү үлүшүн алышы керек

Суу берген өлкө андан түшкөн пайданын адилеттүү үлүшүн алышы керек

Астана шаарында Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында Кыргызстан уюштурган “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: алсыздыктан туруктуу өнүгүүгө” аттуу жогорку деңгээлдеги сессияда мурдагы тышкы иштер министри, профессор Аликбек Жекшенкулов суу берген өлкө андан түшкөн пайданын адилеттүү үлүшүн алышы керектигин билдирди.

Ал регионго тиешелүү маселени чечүүнун жолдорун сунуштады:
1. Жөнөкөй принципти негиз катары кабыл алуу: тоолуу өлкөлөр суу кошуналарына жетиши үчүн реалдуу чыгымдарды тартышат. Бул чыгымдар — жолдорго же электр тармактарына кеткен чыгымдар сыяктуу эле — кайтарылышы керек. Чүй, Талас дарыялары жана Орто-Токой боюнча прецеденттер (мисалдар) буга чейин эле иштеп жатат. Аларды бүткүл бассейнге жайылтуу зарыл.
2. Камбар-Ата ГЭСи боюнча үч тараптуу келишимди аягына чыгаруу зарыл. Бул аймактын тарыхында тоолуу өлкө өз суусунан адилеттүү үлүш алып, ошол эле учурда дарыянын үстүнөн толук көзөмөлдү сактап калган биринчи учур.
3. Тоолуу өлкөлөр үчүн климаттык каржылоо механизмин ишке киргизүү — бул мөңгүлөрдүн эришинен келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу үчүн керек. Башкача айтканда адилет компенсация талап кылынат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар