Дүйнөлүк базарда мунайдын баасы өсүү тенденциясын улантууда. Brent маркасындагы мунай европалык базарда 3%га кымбаттап, бир баррели 111 долларга жетти.
Мунай баасы жети күн катары менен өсүп жаткан шартта, Азиядагы каржы базырында акциялар арзандап жатат. Бул АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү натыйжа бербей жаткандыгына байланыштуу тынчсызданууну күчөттү.
Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк энергетикалык рынокко олуттуу таасир этүүдө, анткени бул аркылуу дүйнөдөгү мунай жана газдын дээрлик 20%ы ташылат.
Аналитиктер белгилегендей, учурдагы кырдаал инфляциянын өсүшүнө алып келип, борбордук банктардын пайыздык саясатты катуулатуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда. Глобалдык кризистин таасири Азия өлкөлөрүндө байкалууда.


