Министрлер Кабинети “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун мамлекеттик акциялар пакетин башкарган органды өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Ага ылайык, акционердин функциялары Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт.
Мындай өзгөртүү мамлекеттик акциялар пакетин борборлоштуруп башкаруу зарылдыгы, жөнгө салуу функцияларын жана мамлекеттин акционер катары ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик катышуусу бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түшүндүрүлөт.
Буга чейин компаниянын 78 пайыз акциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине таандык болчу. “Кыргызтелекомдун” уставдык капиталы 1,3 миллиард сомду түзөт, ал эми компанияда 2 200гө жакын кызматкер иштейт.


