Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖер семирткичтердин баасы көзөмөлдөөлүүдө

Жер семирткичтердин баасы көзөмөлдөөлүүдө

Айыл чарба министрлиги тиешелүү кызматтары өлкө аймагында минералдык жер семирткичтердин бааларынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рейддерди өткөрүп жатышат.

Маалыматка караганда, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу жер семирткичтерди жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып, быйыл март айынан тарта ички рынокто баалар өзгөргөн.

Министрлик жер семирткичтердин жетиштүү запасын камсыз кылуу, жеткирүү иштерин жөнгө салуу жана таңкыстыктын алдын алуу аркылуу баалардын кескин жогорулашын ооздуктоо боюнча иштерди улантууда.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар