Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз футбол биримдигинин президенти болуп Адылбек Касымалиев шайланды

Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп Адылбек Касымалиев шайланды

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өттү. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз футбол биримдигинин жаңы жетекчилиги жана аткаруучу комитетинин курамы шайланды.

Уюмдун Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиев ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоо тапты. Ошондой эле аткаруучу комитеттин жаңы мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчиликтин ыйгарым укуктары 2030-жылга чейин уланат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар