Япониянын премьер-министри Такаити Санаэ АКШнын каржы министри Скотт Бессент менен Токиодо жолугушту. Жолугушуу АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга барардан бир күн мурун өтүп, ага Япониянын каржы министри Катаяма Сацуки дагы катышты.
Тараптар Трамптын Кытайга сапары, АКШ–Япония мамилелери, сейрек кездешүүчү пайдалуу кендер, ошондой эле Япониянын АКШдагы инвестициялары боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн жеткирүү чынжырларын чыңдоо жана жасалма интеллекттин жаңы моделдерине байланыштуу тобокелчиликтерди азайтуу маселелери көтөрүлдү. Жолугушууда Индо-Тынч океан аймагындагы кырдаал дагы талкууланып, Скотт Бессент акыркы мезгилдеги АКШ–Кытай мамилелери тууралуу маалымат берген.
Жолугушуудан кийин Бессент АКШ менен Япониянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк бекем бойдон калып жатканын белгиледи.


