Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды. Иш-чаранын алкагында сүрөтчү Залкарбек Эсенкановдун «Ата мээнети – эне мээрими» аттуу жеке көргөзмөсү да көрүүчүлөргө сунушталды.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулуп, ICOM жарыялаган «Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик» темасына арналды.
Жаңы борбор улуттук кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүү максатында түзүлдү. Анда шырдак, ала кийиз, сайма, зергерчилик, өрмөк согуу сыяктуу кыргыздын салттуу өнөрлөрүн жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат.
Иш-чаранын жүрүшүндө мастер-класстар, этно-көрсөтүүлөр жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулуп, келген коноктор улуттук маданият менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.


