Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев АКШнын 250 жылдыгы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев АКШнын 250 жылдыгы менен куттуктады

Бүгүн Адылбек Касымалиев Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы элчини алдыдагы улуттук майрам — Америка Кошмо Штаттарынын негизделгенинин 250 жылдыгы менен куттуктап, өлкөгө өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Тараптар акыркы жылдары жогорку жана эң жогорку деңгээлде өткөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктарын талкуулашып, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына баа беришти.

Мындан тышкары, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар