Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз-чуваш кызматташтыгы жогорку деңгээлге чыгат

Кыргыз-чуваш кызматташтыгы жогорку деңгээлге чыгат

Казан шаарында өткөн Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026 алкагында Данияр Амангельдиев Артем Здунов жана Олег Николаев менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов менен болгон жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана ишкер чөйрөлөр ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүү маселелери негизги тема болду. Тараптар быйыл Кыргызстанда өтө турган 12-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына даярдык иштерин дагы талкуулашты. Данияр Амангельдиев Мордовиянын расмий жана бизнес делегацияларын инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн аталган форумга катышууга чакырды.

Ал эми Чуваш Республикасынын башчысы Олег Николаев менен болгон сүйлөшүүдө узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн келечеги, сектордук кызматташтык, туризм, бизнес долбоорлору жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды.

Данияр Амангельдиев бул жолугушуулар Кыргызстан менен Чуваш Республикасы ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга негиз түзөрүн белгиледи. Жыйынтыгында тараптар талкууланган демилгелерди практикалык деңгээлде ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар