Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Женевада өткөн климат жана ден соолук маселелерине арналган министрлердин жыйынына катышты.
Иш-чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Панъевропалык климат жана ден соолук комиссиясы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында уюштурулду.
Министр климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөр үчүн олуттуу коркунуч экенин белгилеп, Кыргызстан ДССУ менен бирге “Тоолордогу ден соолук” демилгесин илгерилетип жатканын айтты. Анын алкагында тоолуу аймактардагы медицинанын туруктуулугун күчөтүү, көчмө медицина, санариптештирүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты өнүктүрүү маселелери каралууда.
Ошондой эле Кыргызстан бул демилгени 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитине даярдыктын алкагында эл аралык деңгээлде алдыга жылдырууну улантары белгиленди.



