18–22-май күндөрү Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, маданият күндөрүнө катышуу үчүн Тажикстандын 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы Бишкекке келди.
“Бүгүнтөн тарта маданий иш-чаралар расмий түрдө башталып, анын алкагында концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүлүшү уюштурулат. Ошондой эле улуттук маданиятты, көркөм өнөрдү жана эки элдин руханий баалуулуктарын даңазалаган бир катар жолугушуулар өтөт”, – деп айтылат маалыматта.
Маданият күндөрү эки элдин маданий алакаларын бекемдеп, достук мамилелерди дагы да тереңдетүүгө багытталган.



