Башкы беткеДүйнөАКШ менен Иран сүйлөшүүлөр боюнча шарттарды жарыялады

АКШ менен Иран сүйлөшүүлөр боюнча шарттарды жарыялады

АКШ Иранга тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу үчүн беш талаптан турган тизмени берди. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, Вашингтон Иранга келтирилген чыгымды компенсациялоодон баш тартып, 400 килограмм байытылган уранды АКШга өткөрүп берүүнү жана бир гана өзөктүк объектти иштетүүнү талап кылган. Ошондой эле АКШ Ирандын тоңдурулган активдеринин 25 пайызынан ашпаган бөлүгүн гана бошотууга даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары, Ливанды кошкондо бардык багыттагы согуштук аракеттерди токтотуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө гана мүмкүн экени айтылган.

Буга чейин Иран дагы АКШга өз шарттарын сунуштаган. Алардын катарында согушту токтотуу, америкалык санкцияларды алып салуу, тоңдурулган каражаттарды бошотуу, согуштан келген чыгымды компенсациялоо жана Ормуз кысыгындагы Ирандын суверенитетин таануу талаптары бар.

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын сунуштарын “кабыл алынгыс” деп атаган.

Учурда тараптар ортосунда апрель айында түзүлгөн убактылуу ок атышууну токтотуу режими күчүндө болгону менен, маал-маалы менен бири-бирине сокку уруулар уланууда. Ошондой эле АКШ Ирандагы 450 килограммга жакын жогорку деңгээлде байытылган уранды көзөмөлгө алуу планын карап жатканы кабарланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар