Ташкент шаарында өткөн Эл аралык джаз фестивалы Европадан, Америкадан жана Борбор Азиядан келген белгилүү музыканттарды чогултуп, миңдеген көрүүчүлөр үчүн ачык асман алдында акысыз концерт тартууланды. Уюштуруучулар фестивалга кызыгуу жылдан жылга өсүп жатканын белгилешүүдө.
Бул жылы фестивалга төрт жолку «Грэмми» сыйлыгынын ээси, дүйнөгө белгилүү музыкант Стэнли Кларк, Incognito тобу, GoGo Penguin, Тигран Амасян жана Курт Эллинг квартети катышты. Ошондой эле Румыния жана Израил элчиликтери чакырган ансамблдер өнөр көрсөтүштү. Жабылуу кечеси өзбек музыканттарына арналып, анын башында Өзбекстандын эл артисти Мансур Ташматов болду.

Концерттердин биринде жаан жаап баштаганына карабастан көрүүчүлөр тарабай, сахнанын жанында калышты. Incognito тобунун негиздөөчүсү Блюи Маунник мындай атмосфера өзгөчө таасир калтырганын айтты. Фестиваль ЮНЕСКОнун колдоосу менен Өзбекстандын Искусство жана маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулду.
Музыканттардын айтымында, Ташкенттеги көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусу жана шаардагы маданий атмосфера фестивалга өзгөчө маанай тартуулады.



