Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөр менен ата-энелерге кайрылуу жасап, 29-май күнү өтүүчү “Акыркы коңгуроо” салтанатында коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Министрлик акча чогултууга, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштурууга, балдардын унаа башкаруусуна жол берилбеши керектигин эскертти.
Ошондой эле балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга үндөдү.



