Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин бүгүн, 18-майдагы жыйынында “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын 251-беренесинин алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.
Маалымат менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов тааныштырды. Ал стратегиялык кен байлыктарды мамлекеттик көзөмөлгө алуу, лицензиялык милдеттенмелерди аткаруу жана тоо-кен тармагындагы мамлекеттик саясатты күчөтүү багытындагы иштер тууралуу айтып берди.
Жыйында депутаттар лицензия берүүнүн ачык-айкындуулугу, дивиденддик кирешелердин туруктуулугу, кен иштетүү ишканаларынын активдүүлүгү жана рекультивация иштерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле айрым стратегиялык кендердеги иштер боюнча да суроолор берилди.
Талкуунун жыйынтыгында министрликтин маалыматы эске алынды.



