Башкы беткеКоомНура айылында ири энергетикалык жана логистикалык долбоор башталды

Нура айылында ири энергетикалык жана логистикалык долбоор башталды

Нура айылында Кыргызстандын энергетика жана логистика тармагындагы ири стратегиялык долбоордун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги билдирди.

Салтанатка катышкан министрдин орун басары Салават Садыракунов долбоор Кыргызкөмүр ААКсы менен Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., Ltd компаниясынын өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 430 миллион долларды түзөт. Анын алгачкы этабына 50 миллион доллар каралган. Долбоордун алкагында Нура айылында 10 гектар аянтка заманбап логистикалык борбор курулуп, анын курамында көмүрдү байытуучу эки фабрика иштейт. Ошондой эле Текелик кенинен Эркечтам өткөрмө пунктуна чейин көмүр ташуучу ленталуу конвейер курулат.

Алгачкы этапта 7,7 чакырым конвейер курулса, кийинки этаптарда анын жалпы узундугу 157 чакырымга жетет.

Жаңы система Текелик кенинен казылган көмүрдү Кытайга экспорттоону жеңилдетип, ташуу чыгымдарын азайтат. Көмүр ташуу кубаттуулугу жылына 10 миллион тоннага чейин жеткирилери күтүлүүдө.

Долбоор толук ишке киргенден кийин 100дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлүп, мамлекеттик бюджетке түшүүчү салык көлөмү көбөйөрү белгиленди.

Учурда чек ара аркылуу долбоорго керектүү техникаларды “жашыл коридор” режими менен өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар