Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарында «Борбор Азияда гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү» темасында парламентчилердин субрегионалдык жолугушуусу өз ишин баштады.
Иш-чара Жогорку Кеңеш тарабынан Азия парламентчилеринин калк жана өнүгүү боюнча форуму менен биргеликте, Япониянын трасттык фонду жана БУУнун Калк фондусунун колдоосу астында уюштурулууда.
Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламент депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.
Конференциянын жүрүшүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүү, аялдардын укуктарын коргоо механизмдерин өнүктүрүү, аял лидерлигин колдоо жана аймактык парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланууда.
Жолугушууда аймактагы парламент өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери, мамлекеттик органдардын жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү баяндама жасоодо.
Иш-чаранын жыйынтыгында Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча биргелешкен сунуштар менен практикалык механизмдер иштелип чыгары күтүлүүдө.



