Башкы беткеИлимБиринчи айым “Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалады

Биринчи айым “Акылман” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалады

Биринчи айым Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинде өткөн акыркы коңгуроо аземине катышты.

Салтанат учурунда ал лицейде өлкөнүн жети дубанынан келген мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатканын белгилеп, жаштарга чоң үмүт артыларын айтты.

“Кайсы доорду албайлы, коомдун өнүгүүсү билим жана тарбия менен байланыштуу. Ири жетишкендиктерге дал ушул билим аркылуу жетүүгө болот”, — деди биринчи айым өз сөзүндө.

Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечектеги жашоосунда бийик максаттарды багындырууга, өлкөгө пайдалуу инсандардан болууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар