Жумгалбек Шабданбеков 25-май күнү Иркутск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашты.
Жумгалбек Шабданбеков өз баяндамасында учурдагы коркунучтар жана чакырыктар шартында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосунда тыгыз кесипкөй диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын соңунда катышуучулар Шериктештик аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө боюнча өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.



