Көп жылдык тыныгуудан кийин кайрадан жарык көрө баштаган «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналына жазылуу өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Басылмага болгон кызыгуу күн санап артып, мамлекеттик мекемелер менен уюмдар дагы жазылуу иштерине активдүү катышууда.
Жакында эле Бишкек шаарынын мэриясы журнал менен кызматташтыкты баштап, калаа башчысы өзү да окурмандар чөйрөсүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтөрүн убада кылды.

“Элдин руханий көрөңгөсүн байытууда “Ала-Тоо” журналынын таасири чоң. Анткени журналдын алгачкы чыгарылышында эле кыргыз адабиятына жана маданиятына таандык мыкты эмгектер камтылып, улуттук баалуулуктарды өнүктүрө турган өзгөчө чыгармалар киргизилгенин көрдүк” – деди Айбек Жунушалиев.
Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен кайрадан жандандырылган «Ала-Тоо» журналы улуттук адабияттын өнүгүшүнө чоң салым кошкон басылма катары маданий чөйрөдө гана эмес, жалпы коомдук турмуштагы маанилүү окуя катары бааланууда.
Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин, билим берүү жана маданият тармагында эмгектенген адистердин журналга жазылуусу сунушталып, улуттук адабиятты колдоонун маанилүү кадамы катары каралууда.
Журналдын мындан аркы сандарында да кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү, белгилүү калемгерлердин чыгармалары, ошондой эле буга чейин жарыяланбаган баалуу адабий мурастар окурмандарга сунушталат.




