Башкы беткеПрезидентКыргызстан менен ЮНИСЕФ балдарды реабилитациялоо жана кайра интеграциялоо маселелерин талкуулады

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ балдарды реабилитациялоо жана кайра интеграциялоо маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 1-июнда Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Жунг Тапа менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө репатриацияланган жарандарды, айрыкча балдарды реабилитациялоо жана кайра социалдаштыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы жана ЮНИСЕФ менен биргеликте өткөрүлө турган Аймактык эксперттик кеңештин алдыдагы жыйыны тууралуу пикир алмашуу болду.

Адилет Орозбеков бул жыйын балдарды реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо багытында тажрыйба бөлүшүү үчүн мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын кызматташуусун чыңдаган маанилүү аянтча болорун белгиледи.

Ал ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар кайтарылып келген балдардын коомго ийгиликтүү адаптацияланышы үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Өз кезегинде тараптар балдардын укуктарын коргоо, алардын билим алуусу жана социалдык колдоого жетүүсү боюнча кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстандагы балдарды колдоого жана гуманитардык маселелерди чечүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылык билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар