Башкы беткеПрезидентАрслан Койчиев Кытайдын Улуттар иштери боюнча мамкомитетинин делегациясы менен жолугушту

Арслан Койчиев Кытайдын Улуттар иштери боюнча мамкомитетинин делегациясы менен жолугушту

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чень Жуйфэн жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Арслан Койчиев Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен болгон достук, жакшы коңшулук жана өз ара ишенимге негизделген мамилелерге өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара ишенимди жана достук мамилелерди мындан ары чыңдоонун, ошондой эле этностор аралык саясат, коомдук ынтымак жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар