2026-жылы Кара-Кече көмүр кенинде 1 миллион 622 миң тонна көмүр казылып алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жана «Кыргызкөмүр» ААКсынын башкы директору Рустамбек Садыралиев Кара-Кече жана Миң-Куш кениндеги Агулак тилкесинде болуп, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүн текшеришти.
Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, көмүрдүн үстүнкү катмарын ачуу иштери бекитилген график боюнча жүргүзүлүп жатат. Бирок май айындагы нөшөрлүү жаан-чачын өндүрүштүн темпине белгилүү бир деңгээлде таасирин тийгизген.
Быйыл казылып алынуучу көмүрдүн көлөмү төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 700 миң тоннасы — Бишкек ЖЭБине;
- 700 миң тоннасы — калк үчүн;
- 200 миң тоннасы — бюджеттик жана социалдык мекемелер үчүн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көмүрдү казып алуу жана жеткирүү маселелери да талкууланып, жооптуу кызматтарга күз-кыш мезгилине карата көмүрдүн жетиштүү көлөмүн даярдоо жана өз убагында жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, Кара-Кече өлкөнүн ички рыногун көмүр менен камсыздоочу негизги кендердин бири болуп саналат. Өткөн жылы бул кенден Балыкчы шаарындагы «Кыргызкөмүрдүн» өткөрүү базасына 624 миң тонна көмүр жеткирилип, анын ичинде Бишкек ЖЭБине жана калкка сатуу үчүн сорттолгон көмүр жөнөтүлгөн.



