Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети 2-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлерди карады.
Президент тарабынан Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышев, Бөдөш Мамырова жана Миргүл Темирбаеванын талапкерлиги көрсөтүлсө, Жогорку Кеңештин депутаттык топтору Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевди сунуштады.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин бешөө мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген, ал эми үчөө парламент аппаратынын мурдагы кызматкерлери.
БШКнын жаңы курамына талапкерлерге макулдук берүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров БШКнын курамын 12 мүчөдөн 8 мүчөгө чейин кыскартуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Жаңы тартипке ылайык, комиссиянын төрт мүчөсүн президент, төрт мүчөсүн Жогорку Кеңеш көрсөтөт. БШКнын курамы беш жылдык мөөнөткө шайланат.



