NABU Кыргызстан уюмунун адистери Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чычкан капчыгайына орнотулган фотокапкандарды алып, жапайы жаныбарлардын баалуу сүрөттөрүн алышты.
Фотокапкандарга илбирс, эчки-теке, куран-элик, каман жана башка жапайы жаныбарлар түшкөн. Учурда алынган маалыматтар талданып, аймактагы жаныбарлардын таралышы, жүрүү багыттары жана саны боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, фотокапкандар 2025-жылдын ноябрь айында NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобу, «Мониторинг» бөлүмү жана «Жашыл өрөөн» коомдук бирикмеси тарабынан биргелешкен экспедициянын алкагында орнотулган.
Мындан тышкары, жакында Чүй облусундагы Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарыгой капчыгайынан алынган фотокапкан материалдары дагы изилденди. Анда илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, эчки-теке, бугу-марал, куран-элик, каман, улар сыяктуу ондон ашуун жапайы жаныбарлардын түрлөрү катталган.
Адистердин айтымында, фотокапкан аркылуу алынган маалыматтар сейрек кездешүүчү жаныбарларды, анын ичинде Кызыл китепке кирген илбирсти коргоо жана алардын популяциясын изилдөө иштеринде маанилүү роль ойнойт.




