Башкы беткеКоомЭмгек министрлиги Россиядагы 18 кыргызстандыктын эмгек акысын алууга көмөктөштү

Эмгек министрлиги Россиядагы 18 кыргызстандыктын эмгек акысын алууга көмөктөштү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча иштерин улантууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, өкүлчүлүк жүргүзгөн иштердин натыйжасында Кыргызстандын 18 жаранына эмгек акы боюнча карыздарын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү.

Тактап айтканда, Россиянын «Приоритет» жоопкерчилиги чектелген коомунда эмгектенген кыргызстандыктарга төлөнбөй калган эмгек акылар кайтарылып берилди. Жалпы төлөнгөн каражаттын көлөмү 1 миллион 648 миң 300 рублди түздү.

Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан жарандардын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар