Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүүсүн жөнгө салуу боюнча жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, легалдаштыруудан өтпөгөн автоунаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин акыркы жолу мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле бул мөөнөт ичинде транспорт каражатын өлкөдөн чыгарып кетүүгө, запастык бөлүк катары сатууга же утилдештирүүгө уруксат берилет.
Легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга алып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автоунааларга гана тиешелүү болот. Документте бул жол-жобо бир жолку жана акыркы мүнөзгө ээ экени белгиленип, мөөнөт кайра узартылбай турганы көрсөтүлгөн.
2026-жылдын 1-сентябрынан кийин легалдаштырылбаган автоунааларды өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салынат. Талаптарды аткарбаган транспорт каражаттары соттун чечими менен атайын токтотуучу жайларга киргизилип, кийин утилдештирилиши мүмкүн.
Министрлер Кабинетине 30 күндүн ичинде кошумча легалдаштыруу тартибин бекитүү, ошондой эле автоунааларды утилдештирүү механизмин иштеп чыгуу тапшырылды.
Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги атайын токтотуучу жайларда турган унаалар үчүн жеңилдетилген тарифти киргизет. Ага ылайык, мындай автоунааларды сактоо акысы суткасына 50 сомду түзөт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



