Башкы беткеМаданиятБишкекте «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» салтанаттуу түрдө ачылды

Бишкекте «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» салтанаттуу түрдө ачылды

3-июнда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» аттуу эл аралык кино иш-чарасынын расмий ачылыш аземи өттү.

Салтанат кызыл килем аземи менен башталып, ага Түркиядан келген кино өкүлдөрү, кыргызстандык кинорежиссёрлор, маданият ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий жана чыгармачылык байланыштарды чыңдоодо кино өнөрүнүн өзгөчө орду бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкармалыгынын башкы директору Бирол Гювен мындай кино күндөрү эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын кеңейтүүгө жана элдердин өз ара жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн айтты.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» 7-июнга чейин уланып, анын алкагында көрүүчүлөргө түрк кинематографиясынын мыкты тасмалары сунушталат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар