Башкы беткеПрезидентӨлкөдө шахматты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Өлкөдө шахматты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Президент Садыр Жапаров «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Документтин негизги максаты – шахматты калк арасында кеңири жайылтуу жана өлкөдө шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын түзүү.

Жарлыкка ылайык, шахмат мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды. Министрлер Кабинетине Кыргыз Шахмат Союзу менен биргеликте 2026-жылдын 1-сентябрына чейин шахматты өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарды камтыган улуттук программаны иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле Кыргыз Шахмат Союзунун алдында Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт. Мындан тышкары, өлкөдөгү 500 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 3–5-класстардын окуучулары үчүн «Мектептердеги шахмат» пилоттук долбоору ишке киргизилет.

Агартуу министрлиги шахмат ийримдери үчүн окуу программаларын даярдап, мугалимдерди окутууну жана долбоордун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт.

Жарлыкта ошондой эле жыл сайын «Жылдын мыкты шахматчысы» жана «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» аттуу Президенттин атайын сыйлыктарын тапшыруу каралган.

Бул демилге өлкөдө интеллектуалдык спортту өнүктүрүүгө, жаштардын логикалык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгө жана эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар