Дүйнөлүк саясатта жана дипломатияда сөз гана эмес, сырткы көрүнүш, кийим дагы чоң мааниге ээ. Мамлекет башчыларынын, дипломаттардын жана жогорку кызматтагы саясатчылардын кийген кийими алардын статусун, мамилесин, ал тургай саясий билдирүүсүн да чагылдыра алат. Ошол элементтердин эң маанилүүсүнүн бири бул галстук.
Тарыхы
Бүгүнкү күндө галстук эркектердин расмий кийиминин ажырагыс бөлүгү катары кабыл алынганы менен, анын тарыхы бир нече кылымдарга барып такалат. XVII кылымда Франция армиясында кызмат өтөгөн хорват жоокерлери моюндарына өзгөчө кездемелерди байлап жүрүшкөн. Француздар бул стилди жактырып, аны «крават» деп аташкан. Кийинчерээк бул салт Европага жайылып, бара-бара түзөтүп, оңдоолордон кийин азыркы галстук жаралган.
Дипломатияда…
Дипломатияда ар бир деталдын өз мааниси бар. Эл аралык жолугушууларда галстук жөн гана аксессуар эмес, мамлекеттин өкүлүнүн олуттуулугун жана протоколго болгон сый-урматын билдирген маанилүү элемент. Ошондуктан дүйнө лидерлеринин көпчүлүгү расмий жолугушууларга галстук тагынуусу милдеттендирилет.
Галстуктун түсү дагы кокусунан тандалбайт, ар бир түс жана белгиси маанилүү. Саясат таануучулар жана имидж боюнча адистер белгилегендей:
- Көк түстөгү галстук – ишенимди, туруктуулукту жана тынчтыкты билдирет;
- Кызыл галстук – күчтү, чечкиндүүлүктү жана лидерликти символдоштурат;
- Жашыл түс – өнүгүүнү, экологияны жана жаңыланууну көрсөтөт;
- Кочкул түстөр – расмийликти жана салмактуулукту билдирет.
Мисалы, көптөгөн мамлекет башчылары эл аралык саммиттерде көк түстөгү галстукту тандашат. Бул кызматташууга жана өз ара ишенимге даяр экенин көрсөтүүнүн бир формасы катары кабыл алынат. Мындай учурларда өлкө башчылары үчүн галстук алдын ала тандоолордон өтүп, тандалат.

Саясий орду
Кээде галстук саясаттагы жашыруун билдирүү катары да колдонулушу мүмкүн. Айрым лидерлер жолугушуу өтүп жаткан
өлкөнүн мамлекеттик туусундагы түстөргө дал келген галстук тагынышат. Бул урмат-сыйдын жана достуктун белгиси катары кабыл алынат.
Дүйнөлүк практикада галстук аркылуу символикалык маанидеги билдирүүлөр көп кездешет. Айрым саясатчылар улуттук орнамент түшүрүлгөн же өз өлкөсүнүн маданиятын чагылдырган галстуктарды тагынып, улуттук өзгөчөлүктү көрсөтүүгө аракет кылышат. Бул дагы өз кезегинде мамлекетине жана өз улутуна жасаган сый мамиле катары көрүлөт.
Галстуксуз дипломатия
Акыркы жылдары дүйнөлүк саясатта галстуксуз форматтар да жолугушуу кеңири жайылууда. Айрыкча бейформал саммиттерде жана экономикалык форумдарда лидерлер галстуксуз чыгып, эркин сүйлөшүү атмосферасын түзүүгө умтулушат. Бул албетте, сөз жана ой эркиндигин көрсөтүү чагылдырылат.
Бирок эң маанилүү мамлекеттик жолугушууларда, расмий кабыл алууларда жана эл аралык келишимдерге кол коюу аземдеринде галстук дагы эле дипломатиялык этикеттин маанилүү бөлүгү бойдон сакталат.
Кыргыз дипломатиясында…
Кыргызстандын дипломаттары жана мамлекеттик жетекчилери да эл аралык жолугушууларда дүйнөлүк протокол талаптарына ылайык галстук тагынышат. Ошол эле учурда акыркы жылдары улуттук стилдеги элементтерди заманбап дипломатиялык кийимге айкалыштыруу тенденциясы байкалып келет. Ал тургай өлкө ичинде, мамлекеттик кызматкерлер жайкы убакта галстуксуз иштөөгө уруксат берилди. Улуттук стилде классикалык кийим кийүү боюнча дагы сунуштар айтылып, азыркы мезгилде бул тармакта иш алынып барылууда.
Бул улуттук маданиятты таанытуу менен бирге заманбап дипломатиялык талаптарды сактоого мүмкүнчүлүк берээрин белгилешет, адистер.
Акырында…
Галстук бул жөн гана кийимдин бөлүгү же жөн эле акссесуар эмес. Ал саясаттагы жана дипломатиядагы маданияттын, жоопкерчиликтин жана мамлекеттер аралык урмат-сыйдын символу. Кээде бир галстуктун түсү же стили айтылбаган сөздөрдөн да көп маалымат бере алаарын түшүндүк. Ошондуктан дипломатия дүйнөсүндө галстук бүгүн да өзүнүн маанисин жоготкон жок жана келечекте дагы эл аралык протоколдун ажырагыс бөлүгү бойдон кала берет деген ишенимди айтабыз.
Гүлмайрам Рахманбердиева, “Кыргыз Туусу”



