Президент Садыр Жапаров студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган Жарлыкка кол койду. Документ өлкөнүн бардык аймактарындагы жаштар үчүн сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө, кадрдык потенциалды күчөтүүгө жана жогорку билим берүү системасын тең салмактуу өнүктүрүүгө багытталган.
Жарлыкка ылайык, студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды.
Документте Министрлер Кабинетине атайын мобилдүүлүк программасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Программада мамлекеттик билим берүү гранттарын региондор боюнча тең салмактуу бөлүштүрүү, катышуучу студенттерге стипендия берүү жана ички авиакаттамдар аркылуу транспорттук колдоо көрсөтүү каралган.
Мындан тышкары, өлкө боюнча кеминде 9 миң студентти кабыл ала турган заманбап жатаканаларды этап-этабы менен куруу пландалууда. Жатаканалар спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору жана башка керектүү инфраструктура менен камсыздалат.
Ошондой эле 2027-жылдан тартып республикалык бюджетте студенттердин стипендияларын жана жол чыгымдарын каржылоого тиешелүү каражаттарды кароо милдети коюлду.
Бул демилге өлкөнүн бардык аймактарындагы жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жогорку билим берүү тармагындагы теңчиликти камсыздоого жана квалификациялуу кадрларды даярдоого өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.



