Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте «Ala-Too Trade & Industry Expo» эл аралык соода-өнөр жай көргөзмөсү ачылды

Бишкекте «Ala-Too Trade & Industry Expo» эл аралык соода-өнөр жай көргөзмөсү ачылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бишкек шаарында өтүп жаткан биринчи эл аралык «Ala-Too Trade & Industry Expo» соода-өнөр жай көргөзмөсүнө барды.

Көргөзмөнүн алкагында МинКаб төрагасы ата мекендик жана чет элдик компаниялардын өндүрүш продукциялары, инновациялык долбоорлору жана инвестициялык демилгелери менен таанышты.

Экспозицияларды көрүү учурунда Адылбек Касымалиев өнөр жай тармагын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Ala-Too Trade & Industry Expo» — Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жана өнөктөш өлкөлөрдүн ишкерлерин, инвесторлорун жана мамлекеттик мекемелерин бириктирген эл аралык B2B жана B2G аянтча болуп саналат.

Көргөзмө соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын эл аралык рынокторго чыгарууга багытталган. Иш-чарага 6 өлкөдөн 90дон ашуун компания катышууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар