Бүгүн, 4-июнда Манас шаарында жаштардын өнүгүүсүнө багытталган “Демилге” жаштар борборунун расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Демилге” жаштар борбору мамлекеттик жаштар саясатынын алкагында жаштардын демилгелерин колдоого, алардын потенциалын өнүктүрүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүүгө багытталган.
Борбор Манас шаарынын мэриясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө жана Россиянын каржылык колдоосу аркылуу түзүлгөн.
Белгиленгендей, долбоор Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган жаштарды өнүктүрүү, аларды жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капиталды чыңдоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга салым кошот. Жаңы борбор жаштар үчүн билим алуу, тажрыйба алмашуу жана жаңы демилгелерди жүзөгө ашыруу аянтчасы катары кызмат кылмакчы.



