Башкы беткеКоомСүлүктүдөгү шахтада газ чыгып, эки кенчи каза тапты

Сүлүктүдөгү шахтада газ чыгып, эки кенчи каза тапты

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Осор» ЖЧКсына караштуу шахтада газ чыгып, эки кенчи каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу кабар 4-июнда түшкөн. Газдын чыгышынан кийин шахтанын ичинде эки жумушчу калып калган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин 12 куткаруучусу жөнөтүлүп, алар 240 метр тереңдикке түшүп, газга ууланган эки кенчини жер үстүнө алып чыгышкан. Куткаруучулар жабыркагандарды медициналык кызматкерлерге өткөрүп беришкен.

Бирок дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калганын билдиришкен. Каза болгондор Сүлүктү шаарынын тургундары — 23 жаштагы М.А. жана 66 жаштагы И.Д. экени аныкталды.

Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары тиешелүү органдар тарабынан иликтенүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар