Кыргызстан менен Казакстандын чек ара аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер алдындагы силкинүү 8-июнь күнү саат 22:55те катталган.
Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунда, Кожояр айылынан түндүк-батышты карай 35 чакырым, ал эми Ананьево айылынан түндүк-батышты карай 49 чакырым аралыкта жайгашкан.
Силкинүү Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң, Ак-Булак, Балбай, Шаты, Ичке-Суу, Күрмөнтү, Корумду жана Талды-Суу айылдарында болжол менен 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тиешелүү кызматтар кырдаалга көз салууну улантууда.



