Ош шаарына Орусиядан 121 тонна өсүмдүк майынын кезектеги партиясы жеткирилди. Ал Кыргызстандын түштүк аймактарында ишке ашырылып жаткан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун алкагында бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк жеткирүү Кыргызстандын өкмөтү менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Ошко 675 тонна байытылган ун да жеткирилген. Азык-түлүктөр жергиликтүү жамааттарды колдоого, инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана калктын аялуу катмарларына жардам көрсөтүүгө багытталган.
Биргелешкен долбоорлордун алкагында ирригациялык системаларды жана суу менен камсыздоо объектилерин калыбына келтирүү, бак-дарактарды отургузуу, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу үчүн дарыя жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калкка айыл чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары жана киреше булактарын өнүктүрүү боюнча окутуулар уюштурулуп келет.
Тараптар мындан ары да Кыргызстандагы калктын аялуу катмарларын колдоо боюнча кызматташууну улантарын белгилешти.



