Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Монголия кино тармагында кызматташтыгын бекемдейт

Кыргызстан менен Монголия кино тармагында кызматташтыгын бекемдейт

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Кинематография департаменти менен Монголиянын Улуттук кино кеңешинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, эки өлкөнүн кино жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушууга Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал жана Монголиянын Улуттук кино кеңешинин Эл аралык байланыштар жана кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Оргилмаа Бат-Эрдэнэ катышты.

Тараптар биргелешкен кино долбоорлорун ишке ашыруу, кинематографисттердин эл аралык кинофестивалдарга катышуусун кеңейтүү, ошондой эле чыгармачылык жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кинематография департаменти менен Монголиянын Улуттук кино кеңешинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Документ эки өлкөнүн кино индустриясында узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы чыгармачылык демилгелерди ишке ашырууга багытталган.

Ошондой эле Монголиянын кино күндөрүнүн алкагында кыргызстандык көрүүчүлөргө эл аралык фестивалдарда жогору бааланган белгилүү монгол режиссёрлорунун тасмалары көрсөтүлүүдө. Бул иш-чара эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого жана кино өнөрү аркылуу өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар