Башкы беткеМинистрлер кабинетиОшто 1200 орундуу мектеп курулууда

Ошто 1200 орундуу мектеп курулууда

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемеси башкы план боюнча беш блоктон турган төрт кабаттуу имарат катары курулат. Анын жалпы аянты 13 миң 610 чарчы метрди түзөт.

Долбоордо заманбап окуу корпустары, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган. Ошондой эле мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө билим берүү уюштурулуп, 2500дөн ашык окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде шаардагы билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө жана окуучулар үчүн заманбап шарттарды камсыздоого өбөлгө болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар