Башкы беткеМинистрлер кабинети"Коопсуз өлкө": Заманбап технологиялар жарандардын коопсуздугун камсыздоодо

“Коопсуз өлкө”: Заманбап технологиялар жарандардын коопсуздугун камсыздоодо

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин чыңдоо багытында заманбап технологияларды активдүү колдонууда. Бул максатта өлкө боюнча видеокөзөмөл системаларын өнүктүрүү иштери улантылып жатат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарындагы коомдук жайларга заманбап видеокамералар орнотулуп, алар аркылуу кырдаал күнү-түнү көзөмөлдөнүүдө. Системалар укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алууга, окуяларга ыкчам чара көрүүгө жана коомдук тартипти сактоого жардам берет.

Видеокөзөмөлдүн жардамы менен ички иштер органдары мыйзам бузуу фактыларын өз убагында аныктап, окуялардын жагдайларын тактап, тиешелүү чараларды көрүүдө.

Ички иштер министрлиги белгилегендей, заманбап технологияларды колдонуу жарандардын коопсуздугун камсыздоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу видеокөзөмөл системаларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана өркүндөтүү иштери мындан ары да улантылат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар