Башкы беткеКоомБыйыл Ысык-Көлгө эс алууга 800 бала жөнөтүлөт

Быйыл Ысык-Көлгө эс алууга 800 бала жөнөтүлөт

Бишкек шаарынан, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген 375 бала Ысык-Көлдө жайкы эс алуу лагерине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы жайкы эс алуу өнөктүгүнүн алкагында жалпы 11 агым уюштурулуп, анда 800 баланын эс алуусу камсыздалат. Программага социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдары менен катар майыптыгы бар балдар да тартылууда. Долбоор алардын ден соолугун чыңдоого, сапаттуу эс алуусуна жана коомго интеграцияланышына шарт түзүүгө багытталган.

Балдарды эс алууга жөнөтүүнүн алдында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев ата-энелер, балдар жана коштоп жүрүүчүлөр менен жолугушуп, коопсуздук маселеси башкы көңүл борборунда болорун белгиледи.

«Ар бир баланын жайкы эс алуусун кызыктуу өткөрүп, ден соолугун чыңдап, эң негизгиси коопсуз шартта эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү биз үчүн өтө маанилүү», — деди министр.

Министрликтин маалыматына караганда, жайкы эс алуу программасы балдардын ден соолугун чыңдоого, жаңы досторду табууга жана пайдалуу убакыт өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар