Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭрлист Акунбеков Азербайжандын Элчиси менен агрардык кызматташтыкты талкуулады

Эрлист Акунбеков Азербайжандын Элчиси менен агрардык кызматташтыкты талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Азербайжандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулап, соода-экономикалык, инвестициялык, агрардык жана гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Эрлист Акунбеков эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги ишенимдүү саясий диалогдун негизинде ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Тараптар ошондой эле мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн карап чыгып, кыргыз-азербайжан өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар