Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу жана аза күтүү иш-чарасына катышты.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Адылбек Касымалиев маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, Президент Садыр Жапаровдун атынан көңүл айтуу сөзүн окуду.
Мамлекет башчысынын көңүл айтуу сөзүндө Мыктыбек Абдылдаевдин өмүр жолу укук коргоо жана прокуратура органдары менен тыгыз байланышта болгону белгиленген.
«Мыктыбек Юсупович көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана бай тажрыйбасы менен мыйзамдуулукту чыңдоого, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын укуктарын коргоого олуттуу салым кошту. Анын токтоолугу, жүйөлүү сүйлөгөн сөздөрү, көтөргөн маанилүү маселелери жана аларды чечүү боюнча сунуштары элдин эсинде сакталат», — деп айтылат Президенттин көңүл айтуу сөзүндө.
Белгилей кетсек, Мыктыбек Абдылдаев мамлекеттик кызматта жана парламентте узак жылдар эмгектенип, милициянын генерал-лейтенанты наамын алган көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири болгон.


